Камчыбек Ташиев УКМКнын кезектеги жаңы имаратынын ачылышында. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Узап бара жаткан жылда өлкөдөгү эң башкы эки адам — Садыр Жапаров
менен Камчыбек Ташиев — экөөнүн ортосунда эч кандай келишпестиктер жоктугун айтып ынандырып жатты. Бирок кылчайып артка карасаң президент УКМК башчысынын көлөкөсүндө калыптыр деген туруктуу сезим жаралат. Болгондо да бул жөн гана туюм эмес.  

Материал «Пикир» рубрикасына жарыяланды. Бул сыяктуу макалаларда автордун жеке пикири айтылат. 

Өлкөнүн каалаган бир борбордук ЖМКсына баш багып, айына Садыр Жапаровду канча, Камчыбек Ташиевди канча эскерерин карап, санап көрүңүз. Жапаров көп эскерилерин көрүп, таң каласыз. Бул эми нормалдуу эле, себеби ал президент, мамлекет башчысы. Анда анын эмнеси таң калычтуу дейсиз сиз? Себеби бизде эмне маселе болбосун Ташиев сүйлөйт, болгондо да абдан эсте каларлык формада сүйлөйт. Ал эми Жапаров жымсалдап, кызыгы деле жок бир нерселерди айтып жаткан жерлерден анын теңтайлаш башкаруучусу коркутуп-үркүтүү аралаш, эл сүйлөгөн тилдеги жалындуу сөздөрдү жаадырат. Бирок Ташиевдин өтө эле көп болуп кеткени сезилип жатканы бир эле мындан улам эмес. 

Өкмөттө премьер-министрдин ар бир орун басары өз ишине жооптуу. Мисалы, биринчи орун басар Касымалиев акчаны бөлүштүрөт, вице-премьер Төрөбаев энергетика, транспорт жана айыл чарбага жооп берет, ал эми Байсалов социалдык блокту карайт. Ташиев болсо УКМКнын башчысынын милдетинде каралгандай эле коргоону, коопсуздук, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, чек ара, түрмө, соттор жана башка ушул сыяктуу чукул маселелерге жооптуу. 

Бирок Ташиевдин билдирүүлөрүн уга келгенде Кыргызстанда бийликтин баары ушул адамдын колунда экени туюлат. Алсак, министрлерден ишке таңкы саат 6да чыгууну талап кылат же алардын эмгек өргүүсүн жокко чыгарат. Эч кимиси каяша айтпайт, болбосо бул такыр эле Ташиевдин компетенциясына кирбеген нерселер. Дагы бирин карасаң Мамкурулуштун башчысы Жыпаркуловго түнү да иштөөнү сунуштап жатканын көрөсүң. Ал дагы үндөбөйт, болбосо курулушту Министрлер кабинетинде Ташиев тескебейт. Аэропортко барган жол тазаланбаганы жана Ноокаттын жолунун ремонту үчүн транспорт министри Тилек Текебаевди да урушканы бар. Ал дагы аны үн-сөзү жок угуп кала берген, болбосо жол тармагы деле Ташиевдин милдетине кирбейт.

Сыягы, кыргызстандыктардын коомдук жана жеке турмушунда бул жалал-абаддык жолборс кийлишишпеген тармак калбады көрүнөт. Ал базар ээлеринен соода жайларынын ижарасын арзандатууну талап кылат. Соодагерлерди кассалык аппараттарга каршы митингдерге чыкканы үчүн коркутат, ошол замат аларга салыкчаларды агытып, кылтакка илдирет. Матчествого уруксат чакыртып алынсын деп талап кылып, Конституциялык сотко басым кылат, сот болсо баш ийип, чечимин кайтарып алат. Ал эми парламент Конституциялык сот мындан ары өз билемдик кылбашы үчүн ошол замат Конституциялык сот жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүп бере салат. 

Айрыкча, Ташиевдин Жогорку Кеңеш менен мамилеси өзгөчө тема. Карап турсаң, депутаттар ага баш ийбеген, чабанга окшоп кайтарып, багыттап эле турчу мал үйүрү сыяктуу сезилет. 

Тажикстан менен чек арада кагылыш курчуп, депутаттар Чек ара кызматы эмне үчүн жаңжал тутанайын деп калганын байкабай калган деп сурап турган чакта, Ташиев парламентке курал-жарак салынган үкөк алып келип, көп өтпөй эле Жогорку Кеңештин төрагасы спикерликтен кетүүгө аргасыз болот. УКМКнын башчысы кайраттуулук кылып, жаңы депутаттык топтун түзүлүшүн жактырат. Депутат Түмөнбаевди сендейлерди бир сааттын ичинде жумуштан алып салмакмын деп кезейт. Анын ундун кымбаттыгын айткан кесиптештерин оройлук менен тыят. Маселелерге ашыкча кызыга берген Сурабалдиевага жаман кылам дегенсип коркутат. Депутат Бакировду сөгөт, нааразылыгын билдирейин дегенде аны эки УКМКчы иш кабинетинен кууп чыгат. Парламенттеги фракция башчысы Мадумаровдун колун сындырып, камайм деп коркутат, себебин сурашканда «кыжырыма тийди» деп түшүндүрөт. Бул окуядан кийин Мадумаров чынында эле камалып кеткен. Эми болсо депутаттар өлкөдө маанилүү иштер толуп атканына жана коомчулуктун олуттуу бөлүгү каршы чыгып атканына карабастан кыңк этпей мамлекеттик тууну өзгөртүүгө добуштарын берип отурат — башкысы Ташиев макул болсо болду.

Ташиевдин чынында эле кудурети күчтүү, чындап «Марвелдин» каарманы экен. Мисалы, ал нефтетрейдерлерге күйүүчү майдын баасын түшүрүүнү сунуштайт, алар да үндөбөй баш ийкеп макул болот. Жалгыз бой энеге батир белек кылат (ошол эле кезде Ташиевдин өзүндө декларациясында турак жайы көрсөтүлгөн эмес). Паспорт ала албай кыйналган бишкектикке жана дагы эки орус балага бардык этникалык топторго кам көрүп атканын көрсөтүп, өлкөнүн паспортторун тапшырат. Кара-Балтадагы балдар чыгармачылык үйүнө жардам көрсөтөт. Лейкоз менен ооруган балага Индияда сөөк чучугун алмаштырып келүү операциясын төлөйт. Кичи мекени Барпыда белгисиз демөөрчүлөрдүн акчасына төрөт үйүн, ал эми Ошто мектеп курат. Спорт комплекстерин курат, көк-бөрүчүлөргө акча жана унаа белек кылат, мушкерлер менен миксфайтерлерге кеңеш берет, «Барселонанын» футбол академиясын ачат. Ушунун баарын Ташиев менен байланышы бар телеканалдар чагылдырат.

Ал эми кезекти Камчыбек Ташиев түздөн-түз тескеген коргонуу жана коопсуздук тармагына берсек, бул жерде ал атайын кызматтын атасы. Өлкөнүн чек арасын өзү кандай туура деп эсептесе, ошондой кылып сызат, референдум да чакырбайт. Түрктөрдүн жаңы учкучсуз аппараттары менен «Гелендваген» айдаган байманаптай эле сүрөткө түшөт. УКМКга болуп көрбөгөндөй шарттарды түзөт. Ай сайын, кээде жума сайын кайсы бир райондо укуругу узун атайын кызматтын кезектеги кеңсеси, спорткомплекси, эс алуу базасы же кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн ачылышы өтүп турат. Ал тургай алдым-жуттумдарды түрмөдөн куткарган, Жапаров менен Ташиев легалдаштырып берген «куструзация» өз экономикасы жана социалдык камсыздоосу бар мамлекеттин ичиндеги мамлекет болуп алган УКМКнын эсеби аркылуу өтөт. Кокус бир нерсе болсо, Ташиевдин таянар тоосу бар дей бергиле.   

Бул өңүттөн алганда, башында кыдырата баарына жооп кайтарып, комментарий берип жана каршылаштарына чабуул жасап турган Садыр Жапаров эмнегедир тынчый түштү, демин басып, соцтүйүнгө көп деле жазбай калды. Сыягы, президент өлкөнүн ички саясатын гиперактивдүү теңтайлаш башкаруучусуна калтырып, өзүнө эл аралык сапарларды гана калтырган өңдөнөт — Англиянын ханышасы маркум Елизавета II да өзүн ушундай алып жүрөр эле.  

Албетте, мунун баары Ташиевдин пиарчыларынын зор эмгеги: алар карапайым кыргызстандыктын жүрөгүн багынткан жолду жакшы билишет. Бирок, Ташиевге мынчалык агрессивдүү, президенттикке ат салышкан өнөктүк сыяктанган пиардын эмне зарылчылыгы бар? Ушул таптагы ордун сактап калууга мунун кереги деле жок болчу. Демек, жаңы орунга барууга керек болуп жүрбөсүн? А президенттен башка, андан жогорку кызматта ансыз деле эч ким жок.