Ош: Даракты уруксатсыз кыйган «Царский двор» кафеси бузулат

Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү муниципалдык жерде жайгашкан «Царский двор» кафесинин жетекчилиги даракты уруксатыз кыйганы үчүн ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу 9-январда Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

«Т-Медиа» телеканалы Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы кафенин жетекчилигине үн күндүн ичинде бузуу тууралуу эскертүү бергенин жазды. Кафе жетекчилиги азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин, 8-январда аталган кафе көп жылдык «бака терек» дарагын мыйзамсыз кыйып салганы соцтармакта кызуу талкууга жем таштаган. 

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Ош аймактык башкармалыгы жолго кооптуу экени айтылган 15 даракты бутоого гана уруксат берилгенин, ал эми кафе даракты 2 метрден өйдөсүн мыйзамсыз кесип таштаган. 

Натыйжада, 9-январда мекемеге «өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтиргенине байланыштуу» 37 миң 639 сом 32 тыйын доо коюлуп, тиешелүү чараларды көрүү үчүн иштин материалдары Ош ШИИБине жөнөтүлгөн.

Расмий маалыматка ылайык, «Царский двор» кафеси Ош шаарынын казынасына жылына 1 млн 750 миң сом ижара акы төлөп келген