Арстан Алай каза тапкан колонияда оор дартка чалдыккандар кайтыш болору айтылды

№31 атайын дарылоо-түзөтүү мекемесиндеги катуу ооругандар жазадан бошотулбай, ошол жерден кайтыш болот. Бул тууралуу «Азаттыктын»  «Эксперттер Талдайт» берүүсүнүн эфиринде Кыйноолордун алдын алуу улуттук  борборунун директору Бакыт Рысбеков билдирди

Рысбековдун айтымында, камактагы киши, Минкабдыг токтомуна ылайык, оор дарты аныкталса гана жазадан бошотулат. Былтыр рак оорусу төртүнчү даражада болгон бир эле аял бошотулган, ушундай эле диагнозу бар калган үчөө ошол жерде калып каза тапкан деп билдирди Рысбеков. 

«Жазаларды аткаруу кызматы өздөрүнө тиешелүү болбогон кызматтарды аткарып жатат. Ал оорукана эмес. Ал жакка [адамдар] даарылануу үчүн эмес, жаза өтөө үчүн барат. Ал эми ооруп кала турган болсо, Саламаттык сактоо министрлиги бар. Ал жакта адистер, дары-дармек жана шаймандар дагы жетиштүү», — деп эсептейт ал. 

Рысбеков соңку эки аптада ошол №31 түзөтүү мекемесинде катуу оорудан эки адам — бири кургак учуктан, экинчиси аппендициттен каза тапканын кошумчалады. «XXI кылымда адамдар аппендициттен каза болбошу керек», — дейт ал. 

ЖАК ашканада асынып алган деп жаткан саясатчы жана бизнесмен Арстан Алай дал ошол №31 колонияда кармалып турган болчу. Рысбековдун айтымында, Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборун Алайдын өлүмүнүн жагдайын аныктоочу комиссияга кошпой коюшкан. Улуттук борборго байкоочулук кылуу сунушталган, бирок анын мүчөлөрү комиссиянын тең укуктуу мүчөсү болбогондон кийин сунуштан баш тартышкан.  

Суроолорго жоопторду улуттук борбор өз алдынча издерин кошумчалады Рысбеков.

Рысбеков 2020-2022-жылдары аралыгында түзөтүү мекемелеринде 151 адам каза тапканын да кошумчалады. Анын айтымында, 2023-жылы өз жанын кыйган беш учур катталган, бирок бул фатылар иликтенгенби-жокпу белгисиз.


55 жаштагы бизнесмен жана коомдук ишмер, көбүнесе Арстан Алай деп таанымал Арстанбек Абдылдаев 5-январда №31 атайын дарылоо-түзөтүү мекемесиндеги ашканадан асылган абалда табылган. ЖАКтын версиясы боюнча ал өз жанын кыйган. Бирок Абдылдаевди кармоонун жана анын өлүмүнүн жагдайлары коомчулукта суроолорду жаратууда. Маркумдун туугандары жана кээ бир укук коргоочулар ЖАКтын бул версиясына ишенбей жатышат. Анын үстүнө бул — камактагылардын сырдуу өлүмүнүн кезектеги болууда.  

Арстан Алайдын өлүмү боюнча Башкы прокуратура текшерүү баштаган, ал эми Юстиция министрлиги окуянын келип чыккан жагдайын аныктоо үчүн атайын комиссия түзгөн