ЖК тармактык комитеттеринин бири ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун күн тартибинен алды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөлөрү 15-январдагы жыйында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү» мыйзам долбоорун күн тартибинен алышты. Документти президенттин администрация иштеп чыккан жана медиакоомчулук тарабынан сынга алынып жаткан болчу.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Айбек Осмонов мыйзам долбоору «көп жеринде чийки» экенин айтып, кесиптештерин документти экинчи окууга жеткирбөөгө чакырды.

«Менин сунушум бүгүн [мыйзам долбоорун] күн тартибинен алалы, кайра башынан башканы даярдап келишсин, ошондо колдоп берели. Бирок муну менен колдоп бере албайбыз», — деди депутат.

Осмоновдун сунушу комитетте бир добуштан колдоо тапты. Ага чейин кээ бир эл өкүлдөрү документтин айрым, анын ичинде ЖМК видео жана аудио жаздырардын алдында мамлекеттик органдарда аккредитациядан өтүшү керек деген ченемин көрсөтүп, мыйзам долбоорун сынга алышкан.

Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоорунун баяндаган маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу азыркы мыйзам эскиргенин белгилеген. Ошондой эле ал мыйзам долбоорун кабыл алуунун зарылдыгын бүгүнкү күндөгү чакырыктар жана дүйнөдөгү геосаясий кырдаал менен негиздеп түшүндүргөн.

16-январда ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде каралмак болчу.

Мурдараак президенттин администрациясынын мыйзам долбоорун «Медиа Полиси Институтунун» эксперттери сынга алып, документ «Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу коркунучтарды туударарын» билдирген. Алардын айтымында, мыйзам долбоорунун азыркы вариантында «журналисттердин ишмердүүлүгүн негизсиз жана ашыкча эле чектеген кошумча ченемдер коюлган».

«Мыйзам долбоору кабыл алынса, мамлекеттик органдар керексиз ЖМКны мамлекеттик каттоого тургуузудан баш тартып койгонго, ал эми мурда катталган ЖМКнын ишмердүүлүгүн укуктук жактан негиздебей туруп эле токтотуп койгонго толук ыйгарымдык эркиндик алышат», — деп эскерткен «Медиа Полиси Институту».

11-январда алар мыйзам долбоорунун демилгечилерин аны Кыргызстандын адам укуктарын жана эркиндигин, сөз жана басма сөз эркиндигин, ошондой ЖМКнын көз карандысыздыгын сактоо боюнча милдеттенмелерин эске алуу менен кайра карап чыгууга, ошондой эле келип түшкөн бардык эскертүүлөр менен сунуштарды мыйзамга сыйыштырууга чакырышкан. Ошондой эле «Медиа Полиси Институту» Жогорку Кеңештин депутаттарынан келип түшкөн мыйзам долбоорун кабыл албоону суранышкан.