Эмне үчүн бийликке дал азыр тууну алмаштыруу керек болгонунун түрдүү версиялары бар. Кээ бири толкундуу нурлардын ордуна азыркы «каардуу тикендер» авторитардык режимге көбүрөөк төп келет десе, башкалары — туу башка маанилүү бир нерседен алаксытат деп эсептешет. Бирок эң эле ачыктан-ачык түшүндүрмө башкада. Чиновниктер өздөрү адашып-чаташып жаткан туунун редизайны — бул Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев экөө өлкөдө эч кимди укпастан, каршыларды коркутуп-үркүтүп, каалаганын кыла аларын көрсөтүү болуп эсептелет.

«Буга чейин эле коомчулукта азыркы туубузду күн карамага окшоштурган [...] пикирлер арбын айтылып келген», — деген октябрда президент Садыр Жапаров жаңы туу жөнүндөгү мыйзам долбоорун колдоп. Анын айтымында, тууну күн карамага чет өлкөлүктөр дагы окшоштурган, андан көрө аны, чет мамлекеттерден азыраак көз каранды болуш үчүн өзгөртүп койгон дурус. Чындыгында туу маселесин өлкөдө күзгө чейин эч ким деле активдүү «көтөргөн» эмес, ал эми анын өзгөрүп кеткени коомчулукка такыр күтүүсүз эле болду.

Материал «Пикир» рубрикасына жарыяланды. Макалада автордун жеке пикири чагылдырылат. 

Формалдуу түрдө жаңы туу жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов алып чыккан. Бирок мыйзам экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынып жатканда парламенттин өзүндө деле талкуу болгон жок, ал эми Шакиевдин Фейсбуктагы постуна жазылган сынчыл пикирлер жашырылган. Андан соң Курултайда Садыр Жапаров тууну өзгөртүүнү Шакиевге өзү сунуштаганын мойнуна алды. Себеби мурда, каадалуу бир жездеси: үч чамгарактуу түндүк туура эместигин, андай түндүк өлүм-житимге коюлганын айткан экен.  

Жапаров менен Ташиевге мындай кызыктай жана чыгашасы чоң демилге  эмнеге керек болгонун божомолдогондон башка аргаң жок. Кимдир бирөөсү бийлик маанилүү нерседен элдин көңүлүн алаксытуу деп болжойт. Дагы бири, президент кайсы бир учурда бийликти мумияны көмүүгө, эми минтип  тууну өзгөртүүгө көндүргөн бир «эзотерикалык душмандардын» таасиринде калганын айтат.   

Бирок баары биз ойлогондон да жөнөкөй деп эсептейт депутат Дастан Бекешев. «Биз дайыма кайсы бир кутум теорияларды издей беребиз, бирок бизде саясат эки жерде эки дегендей эле. ЖМКга каршы мыйзам керекпи — кабыл алып коюшат. Туура эмес бир нерсе дедиңби — камаласың. Бизде эч ким татаал стратегия ойлоп таап отурбайт», — деди Бекешев «Клоопко». 

Аны чын эле кабыл алыштыбы?

Учурда медиакоомчулук каршы чыгып жаткан ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбоору, азыр парламенттин кароосунда турат. 

«Жапаров тууну референдуму жок эле,  же коомчулук менен узакка талкуулабай эле өзгөртүп койду, себеби анте алат, — деп эсептейт Карнеги Фондундагы Борбор Азия боюнча эксперт Темур Умаров. — Кыргызстандын башкы символунун ушундай тез жана көйгөйсүз алмаштырылганы — бул жакында эле Борбор Азиянын ченеминен алып караганда, ички саясаттагы динамикасы ташкындап турган өлкөдө Жапаров бийликти ийгиликтүү бекемдеп алганынын белгиси». 

Бул тууралуу солчул «Кыргсоц» блогунун авторлору да айтып жатышат. Алар тууну өзгөртүү чечимин митингдерге салынган тыюу менен, негизги жарандык укуктарды чектөө, Орусиянын «Чет элдик тыңчылар» жөнүндө деспоттук мыйзамынан шаша-буша көчүрүлгөн «ЖМК жөнүндөгү» жана «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдарын өнүгүшү менен бир катарга коюп жатышат. Бул «элдин пикирине карата эң эле чагымчыл жана бетке түкүргөндөй эле мамиле, элита күн сайын ушул туунун алдында жан баккан коомдун реалдуу муктаждыктарынан алыстап калганын айгинелеп турган чечим», — деп жазган алар. 

Бул чындыкка жакындай, себеби жаңы тууну сындагандарга карата кандайдыр бир таптакыр акылга сыйбаган басым башталган. Күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбековду жеке УКМКнын башчысы өзү коркутту. Блогер Мирлан Маратбек уулун болсо Ысык-Атанын УКМКнын жана Кант милициясынын бүтүндөй бир бригадасы барып кармады. «Кокус бир нерсе болсоң, балдарыңды ким карап чоңойтот?» — деп айтып берди блогер алардын сөздөрүн «Клоопко». Социал-демократ Алга Кылычов жана анын тарапташтары, УКМКнын «маегине» чакырылып, ал жерден аны уруп-согуп, күч колдонуп, камакка алуу коркутуусу болгонун айтышууда. Эски тууну коргоп, митинг өткөрөм деген активист Афтандил Жоробеков эки айга ТИЗОго камалды

Жапаров менен Ташиевдин бийлиги ушунчалык, экөө өлкөгө эмне гана болбосун таңуулап коё алат. Мисалы, эт жебегиле, тоого чыгып лыжа теппегиле деп коё алат. Жүргүнчүлөрдү автобуста ырдатып деле коёт. Ар бир жүз жыйырма бешинчи адамды камап туруп, баары чайнектин шнуруна асынып өлүштү деп да коё алышат. Бирок бул ирет маанайлары жакшы болгонбу, айтор, өздөрүнүн кудурети күчтүү экенин көрсөтүү үчүн тууну өзгөртүп коюу эле жетиштүү деп чечишкен сыяктанат. Нуру канча болору — 39 же 40пы маанилүү эмес. «Кырк» деп айтылдыбы  — демек, кырк болот, эгер санагы чыкпаса, УКМК түшүндүрүп коёт. 

«Мен тамашалап, “Дагы Кудайга шүгүр, бирөөнүн дамбалын илип, бул силерге туу болот деп коюшкан жок” деп тамашалап калам», — дейт Дастан Бекешев. А бирок ошентип деле коё алышмак да.