Ногойбаеваны мыкаачылык менен бычактаган мурдагы күйөөсү 20 жылга соттолду

26-январда Сокулук райондук соту Асел Ногойбаеваны мыкаачылык менен бычактаган мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовду 20 жылга соттоду. Ал эми жабырлануучунун жакындары аны өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылышкан.

Эстебесов 20 жылын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өткөргөндөн тышкары жабырлануучуга 2 миллион, ал эми мамлекетке 80 миң сом төлөп бериши керек. 

Өкүмүндө Эстебесов жазасын өтөп жаткан аралыкта ага карата пробациялык көзөмөл колдонулбай турганы айтылат. Ал эми адвокат Индира Даутова зөөкүр мунапыс же шарттуу түрдө эркиндикке чыгып кетиши мүмкүн деп кооптонууда. 

Ошондой эле айыпталуучунун ТИЗОдо отурган бир күнү эки күн еп эсептеле турган болду. Ага ылайык, ал жаза мөөнөтүнүн бир жарым жылын өтөп койгон болот.

«Асел жана анын жакындары менен кеңешип, анадн соң кийинки кадамдарыбыз тууралуу маалымат беребиз», — деди жактоочу.  

Ал эми Эстебесов сот залынан чыгып баратканда журналисттердин суроосуна кыска жооп берип, өкүм менен макул эместигин айтты.

Буга чейин жабырлануучунун эжеси зөөкүр сотто шымына сийип өзүн психикалык жактан оорукчан киши катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканын айткан болчу.

Ногойбаеванын бычакталышы

2023-жылдын сентябрында 36 жаштагы Асел Ногойбаева бети-башы жана моюну кескиленген абалда ооруканага келип түшкөн. Аялдын кулак-мурду кесилгени белгилүү болгон. 

Милиция бул боюнча «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, жабырлануучунун 39 жаштагы мурдагы күйөөсүн кармаган.  

Жабырлануучу бул окуяга чейин дагы мурдагы күйөөсүнүн «зордук-зомбулугуна» арызданып, укук коргоо органдарына эки жолу кайрылганы белгилүү болгон, бирок ал соттолбой эле эркиндикте калган.

Кийин Чүй облустук соту аялдын мурдагы жолдошун пробациялык көзөмөлгө алуу боюнча чечимди жокко чыгарып, айыпталуучуну зордуктоо иши боюнча 8 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң ал ата-энелик укуктан да ажыратылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү ата-энелик укуктан ажыратылды