«Бишкек ЖЭБинде өзгөчө кырдаал». Жылуулук берүүнү калыбына келтирүүгө 5-7 күн керектелет

Бишкек Жылуулук электр борборунун от казандары. Сүрөт интернеттен алынды.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы 2-январга карган түнү болгон аварияга байланыштуу ал жерде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу 2-февралдагы маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди

Министр кырсыктын келип чыгуу себебин учурда атайын комиссия иликтеп жатканын белгиледи. Анын айтымында, ЖЭБдеги авариянын кесепетин жоюп, ишти калыбына келтирүүгө 5-7 күнгө чейин убакыт керектелет.

«Эки версия каралып жатат. [УКМКнын төрагасы] Камчыбек Кыдыршаевичтин тапшырмасы менен атайын жасалышы мүмкүн деген жоромол каралууда. Себеби, түнкү үчтө бир нече жолу тарс эткен. Ошондой эле техникалык себептен болушу мүмкүн дегенди да жокко чыгарбайбыз», — деди ал.

Энергетика министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, жарылуу ЖЭБдин жылуулук агрегатынын 14-от казанында болгон. Кырсыктан жабыркаган беш киши ооруканада жатат — алардын экөө оор абалда жандардыруу бөлүмүндө экени айтылууда.

Энергетика министрлиги авариянын кесепеттерин жоюу максатында ыкчам штаб түздү. Ал эми жылуулукту кайсы бир деңгээлде кармап туруу үчүн калаада ысык суу да өчүрүлдү. Мектеп менен бала бакчалар убактылуу онлайн окутууга өткөрүлдү.

«Бишкек жылуулук энерго» ишканасынын директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеев борбор калаадагы тогуз кичи районго жылуулук берүү үзгүлтүккө учураганын билдирди. Алар: №3, 5, 6, 7, 11, 12 кичи райондор, № 8 кичи райондун бир бөлүгүнө жана «Улан», «Көк-Жар» кичи райондору.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов кырдаал Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлдө экенин жана ал авариянын кесепетин кыска аралыкта жоюу боюнча тапшырма бергенин белгиледи.

Бишкек ЖЭБде 2018-жылдын январь айынын аягында да жарылуу болгон. Анда шаардыктардын үйлөрүндө температура төмөндөп, ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган. Аварияга чейин ЖЭБ 386 миллион доллар насыянын эсебинен модернизацияланган. Кийин бул боюнча кылмыш иши козголгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мештердин түтүндүүлүгү нормадан ашык». Бишкек ЖЭБде 10 жылдан бери биринчи жолу техаудит жүргүзүлдү