«Бутуңду суукка алдырасың». Баткендин алыскы айылдарында жол азабын тарткан мугалимдер

Жоробек агай менен Жумабай агай Баткендин чек арага жакын айылдарында балдарга сабак беришет. Мектепке агайлар тоо ашып, жар ашып жетишет. Алар Тажикстандын чек арасына жакын Лейлек районуна караштуу эң эле алыскы бийик тоолуу Көк-Таш айылында жашашат.

Агайлар жеке унаалуу болгонго чейин жумушка селби, бороон-чапкынбы, жаан-чачынбы — жөө барышчу. Мектепке эки сааттан ашык дегенде жетишчү. Бирок алардын жолунда кээде машина менен жүргөн деле опурталдуу, анысы аз келгенсип кээде машинада да бузулуп, талкаланып калат.

Экөө тең Баткендин жаштары татыктуу билим алса деген кыял менен эмгектенет.