Атамбаев Орусия менен Украинаны тынчтыкка чакырып, Палестина мамлекетин түзүүнү жактады

Алмазбек Атамбаев Орусиянын Украинага кол салуусу жана Газа секторундагы аскердик аракеттер тууралуу күтүлбөгөн билдирүү жасады.

Өлкөнүн мурдагы президенти Испанияда жасаган билдирүүсүндө Орусия менен Украинаны тынтыкка чакырды. Орусия Украинага толук масштабда эки жыл мурда кол салып баштаган.

Ошондой эле ал Израилди Газа секторунда аскердик аракеттерин токтотууга чакырып, Палестина мамлекетин түзүүнү жактады.

Бийлик Алмазбек Атамбаевди колониядан 2023-жылы бошоткон. Андан кийин Атамбаев дароо эле Испанияга дарыланууга кетип, бүгүнкү күнгө чейин аталган мамлекетте жүрөт. аныктады

Видео Темирлан Султанбековдун Фейсбук барагынан алынды