Жогорку Кеңеште экс-президент Сооронбай Жээнбековду кол тийбестигинен ажыратуу боюнча кол топтоо жүрүп жатат

ул тууралуу 29-февралда депутат Тазабек Икрамов «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

Икрамов бул маселе «топтун ичинде талкууланбаганын, ар бир депутат өзүнүн сунушун, ой-пикирин жалпы жыйынга алып чыкканга же комиссия түзгөнгө сунушун бере аларын» айтты.

«Мындан ары эми фракциянын чечими керек болот. Кол топтоо керек болот – үчтөн бир бөлүгү депутаттардын арасынан. Бүгүнкү күнү кол топтоо болуп жатат. Фракциянын чечими чыкса, анан комитетке чыгат. Комитеттен кийин комиссия түзүлөт, ар бир фракциядан. Канчалык негизде кол тийбестигин алса болот же болбойт, аны комиссия иликтеп бүткөндөн кийин гана сот чечет», — деди Икрамов.

Ошондой эле эл өкүлү өзү кол топтоого кол койбогонун кошумчалады.

Буга чейин, 28-февралда депутат Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду «экс-президент» макамынан ажыратуу тууралуу сунушун берген болчу.