Сот Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты

⚡️Сот Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты

Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясын Абдурахманхажи Муртазалиевди Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты деп таанууга милдеттендирди.

Муртазалиев буга чейин Свердлов районундагы кайрадан өткөрүлгөн шайлоодо жеңүүчү деп табылган Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу талабы менен БШКга кайрылган. Бирок комиссия анын талабын четке кагып, ал административдик сотко кайрылган.

Сот Муртазалиевдин арызын канааттандырды. Чечимди 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна даттанууга болот.

БШК менен Атазов аталган соттун чечимине комментарий бере элек.

Административдик сот мындай чечимди Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовго тиешеси бар депутаттар «мандаттарын тапшырышы керек» деген талкуу жүрүп жатканда чыгарды. Буга чейин экс-бажычылар Абдыбахаб Боронбаев менен Нурлан Ражабалиев, ошондой эле Искендер Матраимов депутаттык мандатын тапшырышкан.