Кыргызстандын бийлиги Temirov LIVE белгилүү иликтөөчүлөр командасын жапырт башаламандык жасоого чакырыак жасады деп айыптап, мурдагы жана учурда иштеп жаткан он бир мүчөсүн камакка алды. Бир мезгилдерде аймактагы эң эркин деп саналган өлкөнү коркунуч каптады.
23 жаштагы журналист Акыз йке Бейшекеева 16-январда туулган күнүнүн урматына торт сатып алып, кесиптештери менен белгилейбиз деп пландаган.
Бирок план ишке ашпай калган. Ошон күнү таң эрте Бейшекееваны ата-энесинин үйүнөн кармап кетишкен. Ага «жапырт башаламандыкка чакырык жасады» деген айып тагылган. Бир канча жумадан бери ТИЗО №1де — Бишкектин чок ортосундагы бозоргон, дубалдары өтө бийик эмес лабиринттей имараттарда — сот отурумун күтүп жатат.
Айкенин апасы Назгүл Матанаева кызы сот отурумунда тайманбай турганы менен, чарчаганы байкалганын эскерип отурду. «Сыр бербейт, бирок көздөрүнөн көрүп эле турам, — дейт ал. — Энемин да, туюп атам… Уйкусу канбай жүрөт».
Матанаева санаадан акылынан адаша жаздаган. «Мен дароо арыктап кеттим, эки жумага чейин түнкүсүн уктай албай жүрдүм. Өзүмдү алаксытпасам, ар кандай жаман ойлор келет, — дейт Назгүл Матанаева. — Эми жыйырма үч жаш деген эмне, мен үчүн али кичинекей. Эне үчүн баласы качан да болсо кичине да».
Жаш болгону менен Бейшекеева жоопкерчиликтүү иш менен алектенчү. Бир нече ай мурда Temirov LIVE командасына кошулуп иштеп баштаган. Темировдун командасы журналисттик иликтөөлөрдү даярдашат, кээде видеоиликтөөлөрүн өзгөчө форматта, кыргыздын салтуу төкмөлүк өнөрүнүн ыкмасына салып тартуулашат. Команда жогорку кызматтагы аткаминерлердин коррупциялык иштерин бир канча жолу айтып чыккан. (Temirov LIVE —OCCRP командасынын медиаөнөктөшү.)
«Бул опурталдуу жумуш деп көп айтчумун, ал болсо мени тынчтандырып коер эле, — дейт Матанаева, — качан болсо мени жооткотуп: “Апа, эчтеке болбойт, бүткүл дүйнөдө ушундай журналисттер бар”, — деп койчу».
Анткен менен, Кыргызстанда жакын арада мындай журналисттер калбай деле калышы мүмкүн. Январда Айке менен кошо Temirov LIVE тобунда иштеген жана мурда иштеп кеткен 10 кызматкер камакка алынган. Баарына бирдей эле айып коюлууда. Сот журналисттерди күнөөлүү деп тапса, алар жылдап абакта отурушу мүмкүн.
Он бир журналист бир ооздон тагылган айыпты четке кагып келет. «Көрүп турасыңар го, кызым али бала бойдон, — деген Матанаева кармаганы келген күч кызматкерлерине. — Ушул кыз кантип митингге эл топтойт? Же ушундай акчалуу бекен, митингчилерди сатып алгыдай?»
Кармалып жатканда журналисттердин айрымдары OCCRP үчүн материалдардын үстүнөн иштеп жатышкан. Бул макаланы жарыялаган биз жана ондон ашуун медиаөнөктөштөр «Кыргызстан: “Цензурасыз” Долбоор» долбоорунун алкагында алардын иликтөөлөрүн улантабыз.
Журналисттерге каршы бул кампания Кыргызстандагы демократия каатчылыгынын кезектеги далили болуп калды.
Кыргызстан бир кезде Борбор Азиядагы мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичиндеги эң эркин республика болчу. 1991-жылы көз карандысыздыкка жеткенден бери өлкөдө үч ирет революция болгон. Ошентсе да, Кыргызстанда таза шайлоолор өтүп, оозго алынган ЖМК өкүлдөрү бар болчу. Бери дегенде эле, Бишкекте курамына феминисттер, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары үчүн күрөшкөн активисттер кирген жарандык коомдун жигердүү өкүлдөрү бар эле.
Бирок акыркы бир нече жылда популисттик риторика менен орусиялык басым ыкмаларын мыкты айкалыштырган президент бийликке келгени жагдай абдан эле өзгөрдү. Эркин медиаларга басым күчөдү, айрымдары жабылууга аргасыз болушту. «Чек арасыз репортёрлор» уюму жарыялаган Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде Кыргызстандын рейтинги бир жылда эле 50 тепкичке ылдыйлап, Жапониянын деңгээлинен Түштүк Судандын жанына түшүп калган.
Байкоочулар Temirov LIVE тобунун кызматкерлеринин камакка алынышы басылманын түптөөчүсү Болот Темировго каршы кампаниянын бир бөлүгү деп эсептешет. Темиров — бийликке эң көп сын айткандардын бири.
«Бийлик тек гана жер өрттөгөндөй тактиканы карманууда: Темиров командасыз калсын деген максатта, анын айланасындагыларды толук кыйратып жатышат, — дейт, убагында өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон, ушул тапта Венада жашап, иштеген кыргызстандык укук коргоочу Лейла Назгүл Сейитбек.
«Бийликтин баарынан мурда көксөгөнү — эч ким ооз ачпаса, эч нерсе кылбаса, — дейт Назгүл Сейитбек. — Башка маселе, адамдар ушуга даярбы?».
Темиров болсо баштаган жолунан артка кайта турган жөнү жок. 44 жаштагы журналист даярдаган иликтөөлөрү үчүн кыйла эле азап тартты. Акыркы бир нече жылда ага кол салышты, сабап кетишти, атайын кызматтар телефонун тыңшап жүрдү, өткөн жылы болсо жарандыгынан ажыратып, Орусияга депортациялашты. Январда камакка алынган журналисттердин арасында Болоттун жубайы да бар. Ал Temirov LIVE басылмасынын директору.
Азыр Темиров Европада иштеп жүрөт. Видео тартып, соцтармактарга жүктөп, бийликтин мыйзамсыз иш-аракетин сындаганды, кесиптештерине боштондук талап кылганды токтоткон жок.
Бийлик Темировдун мизин майтаруу үчүн мурда деле команда мүчөлөрү аркылуу таасир этүүгө аракет кылып келген. OCCRP 2022-жылы чыккан иликтөөсүндө УКМК кызматкерлери Темиров менен иштеген жаш кызды шантаж кылганы тууралуу айтып берген. Анда күч кызматкерлери Болот Темиров жана анын жасаган иштери тууралуу маалымат бербесең уят видеолорду жарыялайбыз деп коркутушкан.
Эми кармалган ар бир журналистти азыр Темиров кайда деп суракка алышкан. Ал эми Темировдун аялына тергөө менен кызматташпасаң 11 жаштагы уулуңду балдар үйүнө өткөрүп салабыз деп эскертишкен.
Кыргызстандын президенттик администрациясынын, ИИМ, прокуратура жана УКМК кызматкерлери OCCRP басылмасынын бул окуяга комментарий алуу үчүн жөнөткөн сурам катына жооп берген жок. Бирок окуядан эки ай өткөндө аткаминерлердин бири эл алдында өтө кызыктуу пикирин айтты.
«Азаттык» радиосунун эфиринде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул кармоолорду тартипке келтирүү чарасы деп атады.
«Жанагы жаш балдар. Албетте алар душман эмес. Алар албетте жаңылышкан. Бала-баладай, башы-көзү чарадай. Алардын эч кандай чыккынчылык, эч кандай маселеси жок. Аларды президентибиз болобу, органдар болобу же сот болобу түрмөдө чиритейин деген ою жок», — дейт Байсалов.
«Бул аталык, агалык милдет. Ал эми кээ бир учурларда баягыдай үй-бүлө башчы болобу, үй кожоюну болобу кичине тартипке келтирип коюш керек», — деп сөзүн улаган ал.
Мындай билдирүүнү чечмелеп бериңиз деген өтүнүчкө, Байсалов «бийлик бул балдарды эл душманы деп эсептебейт» деп жооп берген.
Кыргыз коому өзгөрүүдө деп жазган ал. Экономикалык өсүштүн шартында адамдар эски түшүнүктөрүн кайра карап чыгууга даяр. «Мен тарбия дегеним, жаштарды туура багытка үндөө керек, мамлекетти түптөп, калкты өстүрүү керек, куру кадамдардан алаксытып, бул азыр мода эмес, татыктуу эмес деп айтуу керек», — деп жазган ал.
Президент Жапаров болсо көз карашын «Вечерний Бишкек» гезитине айтып берип жатып, коопсуздук максатында сөз эркиндигин чектөө керек деп айткан.
«Азыркыдай коогалаңдуу, оомал-төкмөлүү заманда сөз эркиндиги жоопкерчилик менен катарлаш жүрөт,— деген ал. — Демократия абдан өнүккөн өлкөлөрдө деле сөз эркиндигин саясий максатта жана коомдун туруктуулугуна доо кетирүүгө пайдалангандарга чектөө коюлуп жатат. Ушул себептен дагы биз алдын алуу чараларын көрүүгө аргасызбыз».
Temirov LIVE командасынын камакка алынышына комментарий берип жатып, президент: «Эгер ушул окуяны гана ала турган болсок, КРнын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык, Тажибек кызы Махабаттын (Темировдун келинчеги) видеокайрылууларында жапырт башаламандыкка чакыруунун белгилери бар деп жазылган», — деп билдирген.
Сөз болуп жаткан видео 2023-жылы декабрда YouTube платформасына жарыяланган. Анда Темировдун жубайы «30 жылдан бери ордунан козголбогон» бийлик менен коррупцияны сынга алган. Эч кимди төңкөрүшкө же зомбулукка үндөгөн эмес.
«Ал видеодо төңкөрүш, революциянын мааниси болбой калганын, анткени бир клан кетсе экинчиси бийликке келерин айтып берген», — дейт Темиров. — Демек, муну башаламандыкка чакырык деп атоо кыйын».
Темировдун пикиринде, дал ушул айыптоо кылмыш ишинин сандырак экенин айгинелейт.
Кылмыш ишинин жүрүшү менен тааныш болгондор чиновниктер 11 журналистти камакка алууга далил катары Махабат тартылган видеону гана көрсөтүшкөнүн айтып жатышат. Болбосо, камактагы журналисттердин алтоо качан эле Temirov LIVE’да иштебей калган. Айрымдары бир нече жыл мурун иштен кеткен.
«Бул видеого башкалардын таптакыр тиешеси жок, — дейт Темиров. — Керек болсо оператордун дагы катыштыгы жок».
Кармалгандардын арасында төкмө акын дагы бар
Видео жүктөлгөн YouTube-канал «Айт Айт Десе» деп аталат — Болот Темировдун эч кимге окшобогон, өзгөчө долбоору. Temirov LIVE негизги аккаунтунан тышкары, мунда бир гана кыргыз тилиндеги видеолор жарыяланат. Темировдун айтымында, бул контентти болушунча калктын калың катмарына жайылтуу үчүн жасалган кадам: «Биз элге жакын болууну максат кылганбыз, элдин үнү катары, эл менен бир тилде сүйлөшүүнү каалаганбыз».
Салттуу журналисттик репортаждар менен катар, «Айт Айт Десе» каналында төкмө акындар социалдык көйгөйлөрдү чагылдырып, коррупцияга каршы же Temirov LIVE’дын иликтөөлөрүн ырга салып айтып беришет.
Каналдагы видеолордун биринде, акын Болот Назаров Кыргызстандын премьер-министринин жакындары Мальтадагы офшордук фирмаларга тиешеси болушу мүмкүн деген иликтөө тууралуу төгүп ырдаган. Дагы биринде президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кош бийлигин сындаган.
«Бул өтө таасирдүү жол, — дейт укук коргоочу Назгүл Сейитбек. — Акындар алмустактан эле кыргыздын арыз-муңун айткан эл үнү болушкан. Анан калса, мансабы барлар, адатта акындарды куугунтуктаган эмес. Алардын жумушу — айтчуну айтып, саясатчыларды жемелеп туруу».
«Көптөр YouTube’га чыккан видеолор кыргыздын салт-санаасына байланышы жок болсо көрүшпөйт, — дейт ал. — Бирок акындардын концертине барышат, анткени жүрөккө жакын, көкүрөктөн орун табат. Бул формат аларга тааныш, айтышты угуп чоңоюшкан».
Январдагы камоолордон улам «Айт Айт Десе» каналынын иши токтоп калган. Кармалгандардын арасында төкмө акын Азамат Ишенбеков дагы бар.
Азаматтын басып өткөн жолу да кызыктуу. Айтымында, мектепти таштап Орусияга мигрант болуп кеткен, бирок ал арада TikTok видеолорду даярдап, каттаалуучуларынын санын арттырган. Темировдун кесиптештеринин бири Ишенбековдун эл арасында белгилүү экенин байкап, кызматташууну сунуштаган.
«Москвада такси айдап, салыштырмалуу көп акча таап жатса да, өз каалоосу менен биздин команданын мүчөсү болууну тандаган», — деп жазды фейсбукка Темиров, Ишенбековду бошотууну талап кылып жатып.
Камактагы 11 журналисттин өткөн турмушу ар кимисиники ар башкача. Ишенбеков тажрыйбалуу, хип-хоп клиптерге тартылып, ырдап жүргөн. Актилек Капаров бир кезде Болот Темировдун фактчекинг боюнча тренингине катышып, акырында өзүнүн басылмасын иштете баштаган. Сайпидин Султаналиев мугалим болчу, кийин журналистикага келген. Темиров аны «интервью алуунун чебери» деп атайт.
Камактагылардын эң кичинеси Айке Бейшекееваны туулган күнүндө, ата-энесинин үйүнөн алып кетишкен: ошол күнү журналист 23 жашка чыккан.
Апасы Назгүл Матанаева кызы бала чагынан аракетчил экенин, достору менен жолугуунун ордуна убактысын китеп окуп же интернет аркылуу тил үйрөнүүгө жумшаганды жактырарын айтат.
«Курстарга жаздырып койсомбу дегем, бирок ал бизди аячу. “Курска дагы төлөп жүрөсүзбү, үйдө отуруп деле үйрөнөм” дечү», — дейт апасы.
Дүйнө таанымын кеңейтүүнү каалаган Бейшекеева Жапонияга барып окуп келген. Апасынын айтымында, ал жапон маданиятына абдан таасирленчү. Аны менен катар, Польшада журналисттик кесипке окуп жаткан.
Назгүл Матанаева кызы Temirov LIVE командасына кошулуп, чындап журналист болгондо абдан таң калган. Айкенин атасы, профессионал музыкант. Ал кызынын бул тармакка барганына каршы чыгып, журналистика опурталдуу кесип деп айтып келген. Атасы кызы менен, аялы менен дагы урушуп, кесибиңди ташта деп айтып жаткан. Бир нече ай өтпөй, алардын босогосунда милиция кызматкерлери пайда болгон.
Кызы камакка алынгандан бери Матанаеванын жүрөгү тынч эмес. Түнт дагы болуп кеткенин айтат. «Бирөө бирдеме десе эле ыйлай баштайм, ошондуктан азыр эч ким менен сүйлөшпөгөнгө аракет кылып жатам», — деп түшүндүрдү аял.
Коркунуч каптаган маанай
Кыргызстанда бирөө кайгыдан үн катпай отурат, кай бири коркконунун дымын чыгарбайт. Өлкөдө иштеп жүргөн серепчи, коопсуздугуна кабатыр болуп, бул макала үчүн комментарий берүүдөн баш тартты.
Активисттер Кыргызстандагы жарандык коомду алыстан эле сезилген коркунуч муунтуп жатканын айтышууда.
«Адамдар аябай чочуп калышты», — деп белгилейт, Венадагы укук коргоочу Назгүл Сейитбек. — Керек болсо, менин кесиптештерим, мен дагы мындайды көргөн эмеспиз. Чет өлкөгө чыкканда китеп ала келгенден чочулаган учурлар болду. Мурда мындай болчу эмес».
Эртеңки күнү кимге кезек жетет деп күткөн сезим, буга кошумча акылга сыйбаган абсурд, жакындан бери жанданган кысымга алуу фактылары менен коштолууда.
Февралда сот бир катар белдүү сыйлыктарга татыган OCCRP’нин Кыргызстандагы өнөктөшү «Клооптун» юридикалык жактарынын бирин жабууну чечкен. Прокуратура басылма негативдүү маалымат тараткандыктан жарандардын психикасы бузулуп жатат деген жүйөнү далилдөө үчүн психиатрлардын көрсөтмөсүн пайдаланды.
Өлкө аймагындагы суу сактагычтын коңшу мамлекетке өтүшүнө каршы чыккандарга байланышкан эң чуулгандуу кылмыш иши жабык каралганы боюнча президент Садыр Жапаровдун түшүндүрмөсү андан да кызык. Коомдук лидердердин улуттук жыйынында президентке Өзбекстан менен жер алмашууга каршы чыккандардын иши боюнча суроо узатылган. Өлкө башчысы, аларды кайсы бир өлкөнүн элчиси каржылады деп жооп берген.
«Биз аны ачык чыгарганда, ал мамлекетти баарыңар жек көрөсүңөр. Анан ортобузда пикир келишпестик, жек көрүү болуп, мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн экен. Ошон үчүн жабык өткөрүп атабыз», — деген Жапаров.
«Институттар жок»
Кыргызстан кантип ушул акыбалга келди? Бир кезде өлкөнү Борбор Азиядагы «демократиянын аралчасы» деп атап, байкоочулар адилетсиз бийликке каршы каршы көтөрүлгөн революцияларды сөз кылышчү эмес беле?
Бишкектеги ОБСЕ Академиясынын юристи Асел Дөөлөткелдиева кыргыз коому демократиядан үмүтүн үзө элек дегенге кошулат. Бирок Talk Eastern Europe подкастынын жакындагы чыгарылышында бир гана коомчулуктун демократияга умтулганы жетишсиз экенин айтты.
«Жарандар активдүү болгону үчүн эле коомчулуктан терең өзгөрүүлөрдү күткөн туура эмес, — дейт ал. — Коомду демократиялаш
тыра турган институттар жок… Саясий партиялар, идеологиялар, оңчулдар менен солдор, буларды ишке ашыруу үчүн чыныгы саясий тиреш керек. Буларсыз туруктуу өзгөрүү күткөн туура эмес».
Болбосо, Кыргызстандын азыркы лидерлери деле элдик көтөрүлүштүн арты менен бийликке келген. 2020-жылы октябрда Кыргызстандын жарандары парламенттик шайлоонун жыйынтыгына жана бийликтин COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдөгү чабалдыгына нааразы болуп көчөгө чыккан.
В этом хаосе Садыра Жапарова, бывшего депутата и ярого популиста, который отбывал срок за похищение местного чиновника, поддержала толпа сторонников. Ему удалось добиться власти: сначала он стал исполняющим обязанности президента Кыргызстана, а через несколько месяцев одержал победу на президентских выборах.
Андагы тополоңдо мурдагы депутат, жткен популист, жергиликтүү аткаминерди барымтага алганы үчүн айыпталып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапташтарынын калың катмары колдоп берген. Ошентип ал бийликке жеткен: алгач Кыргызстандын президентинин милдетин аткара баштаган, биринече айдан кийин шайлоодо биринчиликке чыккан.
Жапаровдун маанилүү чечимдеринин бири үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевди УКМКга төрага кылып дайындаган. Экөө тең улутчул риториканы оозунан түшүрбөй, чет элдик баалуулуктар менен таасирлерди кескин сындап, Кыргызстандын карапайым тургундарын колдойбуз деп айтышкан. Иш жүзүндө болсо, атайын кызматтын таасири күчөгөндөн күчөп, жергиликтүү серепчилер өлкөдө «кош бийлик» орун алды дешүүдө.
«2020-жылдан тартып атайын кызматты күчтөндүрүү үчүн бюджеттен ири каражат бөлүнө баштаган, — дейт Дөөлөткелдиева. — Үч жыл аралыгында, аймактарда атайын кызмат үчүн 50 жаңы имарат курулду окшойт. Демек, борборду гана эмес, айыл аймактарын дагы бекем көзөмөлдөө үчүн көптөгөн күч жумшалып жатат».
Саясий оппозиция дээрлик жок, чыныгы көз карандысыз сот бийлиги да жок туруп, Жапаровдун өкмөтү көзөмөлдү күчөтө турган бир катар чуулуу мыйзамдарды сунуштап жатат: анык эмес маалымат таратуу, ЖМК жөнүндөгү, «чет элдик тыңчы» мыйзамы.
Негизинен булар Орусиядагы диссиденттерге каршы кабыл алган мыйзамдарга окшош. Байкоочулар муну кокустук эмес дешет.
«Орусиянын атайын кызматы көп жылдан бери УКМКнын имаратында отурат. Болгондо дагы жоон топ киши, бир же эки эмес. Алар эки жүз чамалуу», — дейт Сейитбек.
«Орусиянын Кыргызстанга таасири абдан чоң — биз ойлогондон дагы чоң. Мунун баары бийликтин алсыздыгынан. Алар тактыда кармалып туруу үчүн, башкаруусун сактап калуу үчүн кимдир бирөөгө таянууга аргасыз. Ошол себептен, салтка айлангандай, Путинди коопсуздугунун кепилдиги катары көрүшөт. Ал эми “аталыктын” милдети Путинге тийгенде, демократияны өнүктүрүү үчүн дээрлик эч нерсе кыла албайсың».