«Тез заряд» пирамидасын уюштурууга шектелген тургун эки айга камакка алынды

«Тез заряд» (Charge fast) каржы пирамидасын уюштурууга шектелип кармалган 43 жаштагы айыпталуучу 2-майга чейин тергөө абагына киргизилди.

Маалыматка ылайык, чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Шектүү 7-мартта кармалып, ага «Каржы пирамидасын уюштуруу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Буга чейин Биринчи май РИИБине 100дөн ашуун жаран Charge Fast ишканасынын ээлерине карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Аталган ишкана ээлери акчаны эки эсе көбөйтүүнү убадалап, чоң суммадагы акча каражаттарын ээлеп алгандан кийин из жашырып кетишкен.

Аталган ишкананы негиздеген деген шек менен жалпы алты киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.