Кемпир-Абад иши: Бектур Асанов тез арада чет өлкөгө барып дарыланууга муктаж

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова «Кемпир-Абад иши» иши боюнча соттолуп жаткан саясатчы Бектур Асанов тез арада чет өлкөдө дарыланууга муктаж экенин билдирди.

«Бектур Асановдун беш моюн омурткасында грыжа бар. Алардын бирин Бишкектеги ооруканада операция менен алып салышкан. Врачтар калган грыжаны операция менен алууга Кыргызстанда техникалык мүмкүнчүлүк жок дешүүдө. Бүгүнкү күндө Асанов өз алдынча кыймылдай албайт, күнү-түнү тынбай оору басаңдатуучу дары ичүүгө аргасыз болуп жатат», — деди ал.

Абдирасулованын айтымында, андай опреацияны Түркияда жасаса болот. Асановго Стамбулдагы дарыгер Эркан Картаноглунун клиникасынын чакыруу келген.

«Асанов качып кетпейт, дарыланып бүткөндөн кийин кайтып келет деп ишенем! Козголгон кылмыш иши боюнча мыйзам алдында толук жооп берет деп кепилдик берем! Эгер, Бектур Асанов Стамбулдан келбей койсо, анын ордуна мен сот жообуна тартылууга макулмун!» — деди укук коргоочу.