Сот фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармалган 38 жаштагы Нурбек Кайназаровду үч жылга эркинен ажыратты

❗️Сот фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармалган 38 жаштагы Нурбек Кайназаровду үч жылга эркинен ажыратты

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Жалал-Абад шаардык соту 19-январда кабыл алган. Кайназаров «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренесинин негизинде айыпталууда.

Кайназаров буга чейин шаардык соттун өкүмү менен макул болбой, апелляциялык тартипте Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда төрөлгөн 38 жаштагы Нурбек Кайназаров өткөн жылдын ноябрь айында УКМК тарабынан «массалык башаламандык уюштурууга чакырык жасоого» шектелип Орусияда кармалып, Кыргызстанга алып келинген.