Ала-Тоо аянтында флагшток 100 метрге узартылат

Учурда борбор калаанын башкы аянтындагы флагштоктун узундугу 45 метрди тзт. Бирок Кара-Кыргыз автономиялык облустун 100 жылыдыгына карата анын узундугу 100 метрге чейин жеткирилет, бул тууралуу «Бишкек башкы архитектуранын» башчысы Урмат Карыбаев билдирди.

Ошондой эле, анын айтымында, аянттын өзү да капиталдык оңдоодон өтөт. Арка, фонтан жана соода түйүндөрү кайра жасалат. Мунун баары аянтты «маданий жана туристтик объект» кылуу үчүн багытталган.