Ала-Тоо аянтындагы желектин бийиктиги 100 метрге чейин узартылат

Азыр борбордук аянттагы желектин бийиктиги 45 метрди түзөт. Бишкек башкы архитектура ишканасынын жетекчиси Урмат Карыбаев Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата анын бийиктиги 100 метрге чейин узартыларын билдирди.

Ошондой эле ал аянтта капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөрүн белгиледи. Анын айтымында, ал жерди «маданий жана туристтик жайга» айлантуу үчүн арка, оргума жана соода түйүндөрү оңдолот.