Баткенде жашы жете элек балдардын жарамазан айтуусуна тыюу салынды

Баткен облусунун аймагында коомдук жайларда балдардын жарамазан айтуусуна жана тилемчилик кылуусуна тыюу салынып, 13-марттан 15-мартка чейин рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

«Орозо айы башталганына байланыштуу диний жөрөлгөнү аша чабуу менен айрым балдар учурдан пайдаланып, унаа жолдордун кесилиштеринде, чоң базарларда, кафе-ашканаларда жарамазан айтуу менен алектенүүдө. Мындай көрүнүштөр өз кезегинде балдардын коопсуздугуна терс таасирин тийгизүүдө», — деп билдиришти милициядан.

Ошондой эле Баткен ОИИБи мындай көрүнүштөргө дуушар болгон балдардын ата-энелери мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти.