Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Айбек Осмоновдун мандатын алды

❗️Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Айбек Осмоновдун мандатын алды

Осмонов 13-мартта депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз жазган. Анын арызын БШКнын мүчөлөрү бир добуштан колдоду.

Айбек Осмонов №7 Ош бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Осмоновдун аты Region TV телеканалынын «экс-бажычы Райымбек Матраимовго байланыштуу депутаттар өз мандаттарын тапшырышы керек» деген материалында айтылган.

Көп өтпөй Искендер Матраимов менен мурдагы бажы кызматкери Нурлан Ражабалиев мандаттарын тапшырышкан. Ал эми Бишкектин Административдик соту Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратып, ордуна Свердлов районунан Абдурахманхажи Муртазалиевди коюшкан.