Матраимов менен байланышы үчүн «карапайым адамдарды» эмес, президенттерди жана жогорку аткаминерлерди жазалаш керек — Нарматова

Чет элдик тыңчылар жөнүндө мыйзам долбоорунун башкы демилгечиси Надира Нарматова Райымбек Матраимов менен байланыш үчүн мандатты алуу болуп атса, анда парламент да таркап кетиши керектигин, себеби депутат жана чиновниктердин 99%ы Матраимов менен тааныш экенин билдирди.

Алар, анын айтымында, Матраимовдун тоюна барып, бирге чай ичишип жүргөндөр. Нарматова өзү сыяктуу «карапайым адамдарды эмес», президенттерди, премьер-министрлерди, министрлерди, бажы башчыларын жазалаш керектигин айтат.

«Кыргызстандагы 99% саясатчы, чиновниктердин бардыгы Матраимовду таанышат. Ал бала кыргыздын жөнөкөй баласы эмес, коронавирус учурунда элге жардам бергени реалдуу жашоонун чындыгы. Ал тарых.

Ал өз убагында каражатты кайдан алганы мени кызыктырбайт. Бирөөнүн чөнтөгүн эсептегенге укугум, акым да жок. Ошондуктан майда-чүйдө Матраимовду тааныган бизге окшогон “чабактар” жооп бербей, бул баштан ылдый карап кетиш керек. Себеби Матраимовду таанып, чай ичип жүргөндөр катардан чыгат. Тойлоруна баргандар бар», — деп билдирди Нарматова.

Анын айтымында, Матраимов элге дайыма жардам берип келген, ага ыраазы жүздөгөн адамдар бар.

«Мен жөн гана Матраимодун эге кылган кызматын айтып жатам. Бирөөнүн жакшылыгын айтып коюу кылмыш эмес. [...] Мен өзүм Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Мекеним Кыргызстандан” депутат болуп келген эмесмин. Мен Матраимовду тааныймын, анын бир туугандарын таанйым, бул кылмыш эмес. Ал жөнүндө жакшы сөз айтканымды да танбаймын», — деди ал.