Кыргыз бийлигинин санкцияга кабылган инвесторлордун аты-жөнүн жашырууга болгон аракети текеберлик менен теңсиз күрөшкө чыкты. Мунун натыйжасы жергиликтүү шылуундардан жабыркаган орусиялык бизнесмендер жүзүн жашырбаса да фамилиясын жашырып, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Ташиевге ыраазычылык билдирген видеолордон көрүндү. «Клооп» ушундай окуялардын бирин баяндап берет. 

26-февралда Tazabek басылмасы «орусиялык инвестор Екатерина Анатольевна» уурдалган инвестицияны кайтарып берген «Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичке» рахмат айтып жаткан кызыктай видеону жарыялаган. Ишкер аялдын айтымында, Ысык-Көлдө отелдин курулушуна 14 млн доллардан ашык акча салган, бирок өнөктөштөрү аны таштап качып кеткен, ал эми «криминал» коркутуп-үркүтүп Кыргызстанга киргизбей койгон. Эми аны «акчага отургузуп кеткендер» жоопкерчиликке тартылып, акчасы кайра кайтарылды.

Екатерина Анатольевнанын фамилиясын жана анын өнөктөштөрүнүн аты-жөнүн жаңылыктын авторлорду да, ишкер айым өзү да атаган эмес. Бирок ал аял Ысык-Көлдөгү «Новел» отелин атаган, бул тагдыры оор мейманкана жөнүндө УКМК да айтып берген эле. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2018-жылы Орусиянын Р. Д. А. деген инициалы көрсөтүлгөн жараны «Айсео» ЖЧКсы менен стратегиялык өнөктөштүк жөнүндөгү келишим боюнча коттедждик шаарчасынын курулушуна акча салган. Бирок «Айсеонун» ээлери мыйзамдагы ууру атыккан маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышкан кылмыштуу тааныш-билиштигин ортого салып, Р. Д. А. деген жарандын акчасын жана мүлкүн тартып алышкан.

Р. Д. А. деген ким жана Екатерина Анатольевнанын бул жерде кандай тиешеси бар экени түшүнүксүз болуп аткан. Бирок, «Айсеонун» маалыматын карап чыккан соң, бизнесмен Бакыт Османкуловго таандык бул компания 2024-жылдын январында Ребус Дмитрий Александровичтин наамына кайра катталганын аныктадык. Инициалдарга караганда, бул жанагы атайын кызмат Орусиянын жараны деп билдирген Р. Д. А.. Мындан тышкары, январда Дмитрий Александровичтин «Баатыр Голд» деген баалуу темир темир өндүргөн компанияда үлүшү пайда болгон. Бул компанияга да мурдараак Бакыт Османкулов ээлик кылып турган. Османкулов болсо 2023-жылдын декабрында орусиялык инвестордон акча опузалаганы үчүн УКМК тарабынан кармалган. Ал эми Османкулов менен бирге Екатерина Ребус «Баатыр Голддун» тең түзүүчүсү болгон. 

Биз көргөн айым чындап эле жогоруда аты аталган Екатерина Анатольевна экенине ынаныш үчүн «Клооп» аны соцтүйүндөрдөн издеп таап, буларды билди: ал Самара облусунда beauty.rebus деген сулуулук салонуна жана стоматологиялык клиникага ээлик кылат экен. Айтмакчы, фамилиясы да Ребус.

Кыргызстандын биринчи адамдарынын жардамы менен адилеттүүлүк тапкан, дили таза орусиялык инвесторлорго фамилиясын жашырып эмне күч келди? Байкап көрсөк, кептин баары Дмитрий Ребус Украинанын санкциясына кабылганында экен. Ал эми Дмитрий Ребустун «ВМК» деген орусиялык компаниясы, «Медуза» басылмасынын маалыматына ылайык, АКШнын санкциясында экен. «ВМК» — «Ростех» мамкорпорациясы үчүн электрондук компоненттерди ташыган алдыңкы компания. Ал электрондук тетиктерди көбүнчө америкалык компаниялардан ташып турган. «Ростех» мамкорпорациясынын ишканалары болсо курал жана аскердик техника чыгарат. Украина ушул себептен Ребуска санкция салган: компания орус армиясынын компоненттерге муктаждыгын тейлейт.

Анонимдүү орусиялык инвесторлор азыркы бийликке буга чейин да ачык рахматын айтышкан. 2023-жылдын сентябрында орусиялык инвестрдун аты аталбаган өкүлү «Керемет» банктан уурдалган каражатын кайтарып беришкени үчүн Башкы прокуратуранын кызматкерлерине ыраазылыгын билдирген. Банктын кызматкерлерине акчаларды уурдоого УКМКнын башкармалыгынын башчысынын орун басары жардам берген, ал эми тергөө учурунда аталган акчанын бир бөлүгү Башкы прокурадан чыккан. Акчаны мекеменин кызматкерлеринин бири өзүнө ыйгарып алган же казиного уттуруп койгон болушу ыктымал. Башкы прокуратура өз кезегинде кызматкерлери акчаны өздөрүнө ыйгарып алып жана коротконун четке каккан.

Кез-кезде ЖМКга чыгып турган бул иш боюнча маалыматка караганда, бул табышмактуу инвесторлор дагы санкциядан качуу схемалары менен байланыштуу. Сот органдарынын маалыматына ылайык, уурдалган акчалар орусиялык ишкер Даниэл Розенбергдин «Covart Energy Limited» деген гонконгдук компаниясына таандык болгон. Ал акчаларды нефть продуктылары үчүн бразилиялык компаниядан алган. 2023-жылдын декабрында АКШ компанияга каршы санкцияларды киргизген.

Башкы прокуратура акчаны өткөрүп берүүдө Ребустун окуясындай эле инвестордун атын ачыктаган эмес. Кыскасы, Кыргызстандын Жапаров-Ташиев тушундагы укук коргоо органдарынын текеберлиги бетине паранжа жамынып, көчүгүн ачып алганды эске салат.

Авторлору: Арууке Солтоной, Виктор Мухин, Екатерина Резникова