CPJ Садыр Жапаровдун ЖМК тууралуу мыйзам долбоорду артка кайтарып алган чечими туура болгонун айтты

Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists — CPJ) президент Садыр Жапаровдун эркин медиага каршы «курал катары колдонулушу мүмкүн болгон» ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун парламенттен чакыртып алуу чечимин кубаттады.

«Кыргызстанда уланып жаткан ЖМКларды куугунтуктоо, журналисттерди камоо жана Орусиядан шыктанылган “Чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзам талкууланган учурда — бүдөмүк жана репрессивдүү ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбоору аймактагы эркин басма сөздүн чырагы деп саналган Кыргызстан үчүн табытка кагылган мык болуп калышы мүмкүн болчу. Аны артка чакыртып алуу туура чечим болду», — деди Журналисттерди коргоо комитетинин Европа жана Борбор Азия программасынын координатору Гүлноза Саид.

Уюмдун билдирүүсүндө кыргыз бийлиги мыйзам долбоорунун жаңы версиясын журналисттик коомчулуктун өкүлдөрү жана сөз эркиндигин коргоочулар менен кылдат кеңешиши зарыл экени белгиленет.

13-мартта президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Садыр Жапаров ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун кайтарып алууга тапшырма бергенин билдирген.

Анын айтымында, мыйзам долбоору президенттин 7-марттагы маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуусунда талкууланган маселелердин бири болгон.

ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун президенттин администрациясы иштеп чыккан. Документ медиакоомчулук, эл аралык жана жергиликтүү уюмдар тарабынан сынга алынып келген.