Мурдагы айыл чарба министри кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелип кармалды

УКМКнын маалыматына ылайык, Эркинбек Чодуев «Лиматекс пахта корпорациясы» ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 50 гектардан ашык жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен жеке тараптарга сатып жибергени аныкталды. Келтирилген зыян алдын ала 500 миллион сомго бааланууда.

«Учурда аталган коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат», — дешти УКМКдан.