Ноокатта 17 жаштагы өспүрүм сарайда асынган абалда табылды

Маалыматты «Клоопко» 14-мартта Ош ОИИБден тастыкташты.

Милициядан билдиришкендей, 8-мартта Төөлөс айыл аймагында 17 жаштагы өспүрүмдүн каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Текшерүүдө өспүрүмдүн сөөгү өзү жашаган үйдөгү сарайдын ичинен табылганы маалым болгон. Маркумдун атасы тез жардам кызматына алып барганда дарыгерлер анын каза болуп калганын билдиришкен.

Маркумдун жакындары сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартып, эч кимге арыз-доосу жок экенин айтышты.