Кыргызстандыктар SIM-карталарын каттатууга милдеттүү болот

26-марттан тарта бардык байланыш операторлору үчүн абоненттерди каттоо боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирет. Колдонуучулар SIM-картаны сатып алууда аны паспорту менен каттатууга милдеттендирилет.

SIM-картаны мобилдик операторлордун кеңсесине барып же мобилдик тиркемеден каттатса болот. Быйылкы жылдын 1-апрелинен тартып сатылып алынган жана катталбаган SIM-карталар иштебейт.

Бийликтегилер мындай чара жеке маалыматтардын сактыгы жана коопсуздугу үчүн зарыл экенин айтышууда.