Мурдагы эл өкүлү Жаныбек Бакчиев эч жакка чыкпоо тил каты менен камактан бошотулду

Мындай чечимди 14-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.

2023-жылы октябрдын аягында кармалган мурдагы депутатка «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча айып тагылган.