УКМК Равшан Жээнбековдун 4 гектар жер тилкесин мамлекетке кайтарды

УКМК Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан төрт гектар «Эдельвейс-Тур» эс алуу аймагын мамлекетке кайтарды.

Жер аянты 2000-жылдары Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбековго өтүп кеткени, ал азыр ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп бергени айтылат.

«Экспертизанын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар аймак 16 млн 871 миң сомго бааланды. Жер тилкеси 2000-жылдары Равшан Жээнбеков мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси болуп турганда ага байланышы бар жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган», — деши атайын кызматтан.

Равшан Жээнбеков 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы менен бирге кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылууда.