Жалал-Абад: Жашы жете электерге диний сабак берген жашыруун медресенин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Бул тууралуу 15-мартта УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, диний билими жок 26 жаштагы тургун өзү жашаган жерде диний сабактарды уюштуруп, 6 жаштан 9 жашка чейинки 12 балага сабактарды өтүп жүргөн.

Ошондой эле сабак өтүлгөн жай санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербейт.

«Колдонулган адабияттар Кыргызстан мусулмандар диний башкармасы тарабынан текшерүүдөн өтпөгөндүгү, айрым балдар узак убакыт бою орто мектепте окушкан эместиги аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Мыйзамсыз окуу жайды уюштурган тургунга карата «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу» беренесинин негизинде 7500 сом айып пул салынды.

Учурда балдардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жана балдарды мектептеги окуусун калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.