Таза суунун жоктугу, таштанды маселеси, балдардын авариялык абалдагы мектепте билим алуусу же жергиликтүү бийликтеги паракордук. Ушундай көйгөйлөрдү жеринен чагылдырып, чечүүгө аракет кылууну каалайсызбы? Же айылыңыздагы кызыктуу каарман тууралуу коомго айтып бергиңиз келеби?

«Клооптун» мобилография боюнча акысыз онлайн курсуна катышыңыз.

Курс кимдер үчүн?

Курска уюлдук телефонго сапатуу сүрөт, видео тартып, журналистиканын негиздери менен СММге кызыккандардын баары катыша алат. Катышуучулардын жаш-курагы боюнча эч кандай чектөө жок.

Медиамектепте теориялык билим алгандан тышкары практикага чыгасыз. Сиз «Клооптун» сайтына макала жазып, биздин кабарчыбыз катары иш-чараларга барып интервью алып, видеого тартып, монтаж кылганды үйрөнөсүз.

Онлайн курстун жыйынтыгында «Клоопко» беш видео материал жарыялашыңыз керек. Ушундан кийин сиз биздин аймактагы кабарчыбыз катары материал жасап, сыйакы алып иштей аласыз. Эгер андай максатыңыз жок болсо, жөн эле билим алып, үйрөнгөн нерсеңизди күнүмдүк жашоода колдонсоңуз болот.

Курсту кайдан таап окуса болот?

Онлайн курс төрт бөлүктөн турат: Фотография, Видео, СММ жана Монтаж. Азыркы учурда катышууну каалагандарга фотография, видео жана СММ боюнча курс жеткиликтүү. Монтаж боюнча курс жакында кошулат.

Курс толугу менен кыргызча өтөт. Сабактар атайын колдонмого жүктөлгөн. Биздин окутуучу платформаны колдонуу эң жөнөкөй!

Эгер телефонуңуз Android болсо Play Market колдонмосунан Okutool тиркемесин көчүрөсүз. Ал эми iPhone болсо же компьютерден окуганды кааласаңыз веб-версияны пайдалансаңыз болот.

Онлайн курс жана медиамектеп тууралуу маалыматты өткөрүп жибербеш үчүн биздин телеграм каналга кошулуңуз, ошондой эле инстаграмдагы барагыбызга катталыңыз!

Колдонмого жана окутууга байланыштуу суроолор пайда болсо +996 220 035 226 (Whatsapp, Telegram) номерине кат жазыңыз.