Кемпир-Абад иши: Сот Бектур Асановдун чет өлкөгө барып дарылануусуна уруксат берди

Биринчи май райондук соту «Кемпир-Абад иши» боюнча соттолуп жаткан саясатчы Бектур Асановдун чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берди. Ал башка өлкөдө ушул жылдын 19-апрелине дейре жүрө алат.

Буга чейин укук коргоочу Азиза Абдирасулова Асанов тез арада чет өлкөдө дарыланууга муктаж экенин билдирген. Ал саясатчынын беш моюн омурткасында грыжа бар экенин белгилеп, өз алдынча кыймылдай албай калганын айткан.

Абдирасулова опреацияны Түркияда жасаса болорун, Асановго Стамбулдагы дарыгер Эркан Картаноглунун клиникасынын чакыруу келгенин кошумчалаган.