Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды

Тайчабаров 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысы болуп дайындалган. Ал аталган кызматтан былтыр январь айында кеткен.

Буга чейин Туризмди өнүктүрүү фонддун Абылкасым Шерниязов башкарып келген. Ага чейинки директору Елена Калашникова өткөн жылы майда коррупцияга шек саналып кармалып, июль айында үй камагына чыккан.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду 2022-жылдын мартында Кыргызстандын туристтик тармагын туруктуу өнүктүрүүнү колдоо максатында түзүлгөн.