Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280 млн долларга жетти

Аталган сумма 559 млрд 503,58 млн сомго барабар. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы билдирди.

Жалпы сумманын 4 млрд 652,73 млн доллары тышкы, ал эми 1 млрд 627,80 млн доллары болсо ички карыз.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 45,53%ын түздү.

Финансы министри Алмаз Бакетаев былтыр 19-декабрдагы маалымат жыйынында «карызды убагында төлөөгө мүмкүнчүлүк жетиштүү экенин» айтып, үстүбүздөгү жылы мамлекеттик карызды төлөөгө жалпы 66 млрд сом жумшаларын билдирген.