Өлкөдө кызамык менен ооругандардын саны 6081 адамга жетти

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, илдетке чалдыккандардын көбү Бишкекте, Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталган. Ошондой эле Ишенапысова өткөн жылы кызамык 7046 кишиге жукканын кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында өлкөдө кызамыктын 4078 учуру катталган. Ал эми 12-мартка карата өлкөдө кызамык жуктургандардын саны 5446га жеткен.

Медиктер ата-энелерди балдарын эмдетүүгө чакырышууда, себеби ооруп жаткандардын саны мынчалык көп болуп атканыа — балдар жана чоң кишилердин арасында кызылча, кызамык каршы пландык эмдетүүлөрдөн баш тартуулар болуп атканы себеп.