Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын саны 117ге жетти

20-мартта административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү үчүн Ош шаардык кеңеши кезектеги сессияга чогулду.

Бул жолу мурдагы шаардык кеңештин депуттарына Кызыл-Кыштак айыл аймагынан 31 депутат, Төлөйкөн айыл аймагынан 31, Нариман айыл аймагынан жети, Шарк айыл аймагынан үч депутат кошулуп, депуттардын жалпы саны 117ге жетти.

Отурумга каттодон өткөн 91 депутат катышып, депутаттардын ыйгарым укуктары тууралуу маселе көтөрүлдү.

«ОшТВ каналы» билдиргендей, сессиянын башталышында депутаттар арасында пикир келишпестикер жаралып, күн тартиби каралгандан кийин, Кызыл-кыштак жана Төлөйкан айылдык кеңешинен келген дептуттар сессияны таштап чыгып кетишти.

Отурумду таштап чыгып бара жаткан депуттарга шаардык кеңештин төрагасы Салман Назыгулов: «Саботаж жасап жатасыздарбы?» — деп суроо узаткан, ага Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинен келген депутат айым Рахманова «Бул саботаж эмес, бул жерде мыйзамсыз отурат турбайбызбы. Юстиция [министрлигинен] каттодон өтөлү, анан катышабыз», — деп жооп берген.

15-мартта президенттин жарлыгына ылайык Ош шаарынын курамына Кызыл-кыштак, Төлөйкөн айыл өкмөттөрү жана Нариман, Папан, Шарк айыл өкмөттөрүнүн бир катар айылдары кошулган.