Ала-Тоо аянтында Ноорузду кандайча майрамдап жатышат?

Борбор калаада Нооруз майрамына арналган салатанттуу иш-чаралар өтүп жатат. Борбордук Ала-Тоо аянтында улуттук оюндар ойнотулуп, түрдүү кол өнөрчүлүк конкурстары уюштурулууда. Көргөзмөлөр жана улуттук даамдар коюлган жарманкелер өтүүдө. Аянтка чогулган элге концерттик программа тартууланды.