Бишкектин Свердлов райсотунун судьясы 12 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалды

УКМКдан билдиришкендей, 20-мартта судья ортомчу болуп иштеген жактоочу менен бирге 12 миң АКШ долларын опузалап пара талап кылгандыгы аныкталган.

Андан сырткары, судья жактоочу менен жашыруун сүйлөшүү жүргүзүү үчүн видеокөзөмөл камералары жок болгон жерлерде, жолугушууларды өткөргөндүгү, ал жерде соттук актыларды алардын пайдасына оң чыгаргандыгы үчүн айрым айыпталуучулардан алган акчалай сый акыларын өз ара бөлүштүргөндүгү такталган.

«21-мартта судья Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен 20-майга чейин тергөө абагына киргизилди», —деп айтылат билдирүүдө.