Кыргызстанда жаш балдарды порно бизнеске тарткан шектүү кармалды

Бишкек ШИИБи Интерпол менен бирге Кыргызстандын аймагында балдар порнографиясы камтылган веб-сайттар түзүлүп, жайылтылганын аныктады.

Ошондой эле мындай сайттарга кирүү крипто-транзакциялар аркылуу ишке ашырылып, накталай акча алуу кыргызстандыктар тарабынан ишке ашырылганы белгилүү болду.

Аталган факт боюнча «Баланы порно бизнеске тартуу» беренеси менен иш козголуп, Н.М.Т. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тинтүү учурунда шектүүнүн компьютеринен балдар порнографиясы бар файлдар табылды.