Ош шаарына 100 автобус жана башка оор техникалар тапшырылды

Маалыматка ылайык, 100 автобус Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан сатып алынып, Ош шаарынын мэриясынын Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине берилди. Автобустар 25 орунга ылайыкталып, сыйымдуулугу 56 киши.

Мындан сырткары шаардын ички жолдорун жакшыртуу максатында Жолдор муниципалдык ишканасына сатып алынган оор техникалар тапшырылды. Ошондой эле, жол кыймылын көзөмөлдөөнү жана жол коопсуздугун алдын алуу максатында жеңил унаалар шаар мэриясына берилди.