Жамгырдан улам Арча-Бешик конушу менен Свердлов районундагы үйлөрдү суу каптап, тазалоо иши жүрүүдө

ӨКМдин маалыматына ылайык, нөшөрлөгөн жамгырдан улам 22-мартка караган түнү Манка-Жар коктусундагы селтосмодон суу ашып, Арча-Бешик конушундагы 32 үйдү суу каптаган. Ушундай эле көрүнүш Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндөгү үч үйдө да катталган.

Министрликтен бүтөлүп калган каналдар тазаланып, үйдүн короосуна оптолгон суу сордурулганын белгилешти. Жеринде ӨКМдин кызматкерлери иш алып барууда.