«Бишкекасфальтсервис» ишканасынын кызматкерлери мэриянын алдында митингге чыгышты

25-мартта «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын 50гө жакын кызматкери Бишкек шаарынын мэриясынын алдына айлык акыны көтөрүүнү талап кылып митингге чыгышты.

Ишкананы кызматкери Элдосбек Турсункулов «Азаттыкка» шаардын мэри Айбек Жунушалиев менен жолугушуу болгонун билдирди.

Айлык акыны көтөрүү маселесин карап чыккыла деп ишкананын жетекчилигине тапшырма берилди. “Эмгек кодексиндеги ченемдерге ылайык болсун” деди. Жетекчибиз буга чейин катардагы жумушчулар менен жолукпагандыктан түшүнбөстүктөр болуп келген экен. Мэр бардыгын түшүндүргөн соң тарадык
— деди Турсункулов.

Сүрөт: «Азаттык»