Панфилов паркындагы 41 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

УКМК Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,072 гектар жер тилкесин Бишкек шаардык мэриясынын балансына кайтарды.

Маалыматка ылайык, аталган жерди 2008-жылы мэриянын айрым кызматкерлери ишкер менен тил табышып алып, паркынын аймагына кинотеатр, оюн зоок жайларын курууга жеке менчике мыйзамсыз бөлүп беришкен.

Текшерүү учурунда аталган жер тилкеси колдон колго өтүп, бүгүнкү күнгө чейин бир нече жолу сатылганы аныкталган.

«Акыркы менчик ээси жогоруда көрсөтүлгөн аянты 0,072 гектар, болжолдуу баасы 41 678 000 сомдук жерди муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүп берди», — дешти атайын кызматтан.