УКМК: Матраимовду Азербайжандан экстрадициялоо маселеси каралууда

23-мартта коррупция боюнча күнөөсүн моюндап, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экени аныкталды. УКМК аны кармоо боюнча Азербайжанга кат жөнөттү.

«Учурда азербайжандык кесиптештер аны кармоо жана Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин иштеп чыгууда. Ошондой эле ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экени такталды», — дешти атайын кызматтан.

Буга чейин УКМК Азербайжандан келген уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсүн кармаган. Алар өлкө башчысына кол салууну көздөшкөнү айтылган.