Өзбекстанда кримтөбөл Салим Абдувалиев алты жылга эркинен ажыратылды

Мындай чечимди Ташкендин Мирабад райондук соту чыгарды. Ал «ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү» боюнча күнөөлүү деп табылды. Абдувалиев 2023-жылдын декабрда кармалган. Анда өзбек ички иштер министрлиги кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейд өткөргөн.

«Салимбай байбача» каймана аты менен таанымал Салим Абдувалиевдин белгисиз жагдайда атып өлтүрүлгөн кыргызстандык кримтөбөл Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышы бар деп айтылып келет.

Абдувалиев тууралуу кыргыз басылмаларында депутат Эмил Жамгырчиев кармалгандан кийин маалыматтар жарыяланган. Президент Садыр Жапаровдун айтымында, Жамгырчиев кримтөбөлдөн «эки досту» жок кылууну суранган.