Балдар порнографиясын жайылтууга шектелип 21 жаштагы тургун кармалды

Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү өткөн жылдын 3-майында өзүнүн үйүндө 9 жана 10 жаштагы карындаштары уктап жатканда алардын ич кийимин шыпырып, жыныстык органдарын сүрөткө тартып алган.

Тартылган сүрөттөрдү атайын аккаунтка сактап койгон. Андан сырткары тургундун аккаунтунан сексуалдык зомбулукка кабылган жаш балдардын катышуусундагы интернеттен алынган ар кандай видеотасмалар табылган.

Аталган факт боюнча «Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү андан бери өлкөдөн чыгып кетүүгө жетишкен. Ага издөө жарыяланган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Орусиядан кармалган шектүү Кыргызстанга экстрадицияланып, 22-мартта соттун чечими менен 1 айга тергөө абагына киргизилди.

Буга чейин, 22-мартта Кыргызстанда жаш балдарды порно бизнеске тарткан шектүү кармалган болчу.