Дүйнө чемпионаты 2026, тандоо: Кыргыз курамасы Кытайдын Тайбэйи менен ойнойт

Матч бүгүн 20:00дө Бишкектин Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Оюнду Кыргыз Спорт ТВ жана УТРК Спорт каналдарынан түз эфирде көрсө болот.

Кыргызстандын курамасы Оман, Малайзия жана Кытайдын Тайбэй курамалары менен бирге D тайпасында турат. Үч турдун жыйынтыгы менен «Ак Шумкар» тайпада киргизилген жана өтүп кеткен голдордун айырмасы боюнча Омандын командасынан гана артта калып, алты упай менен экинчи орунду ээлеп турат.

Футболдук матчка байланыштуу саат 14:00дөн тартып оюн аяктаганга чейин Бишкектин төмөнкү көчөлөрү тосулат:

Чүй проспектисинен Фрунзек көчөсүнө чейин Тоголок Молдо көчөсү;

Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин Фрунзе көчөсү.

Биздин телеграм-каналга катталыңыз: https://t.me/kloopkyrgyz