«Крокустагы» теракт. Сегизинчи шектүү кыргыз тектүү жаран болуп чыкты

Кыргызстанда туулган 32 жаштагы Алишер Касимов «Крокус Сити Холлдогу» теракт иши боюнча шектүү экени маалымдалды. Бул тууралуу Москванын Басман сотуна таянып, РИА Новости билдирди.

Сот Касимовду 22-майга чейин камакка алды.

ЖМК Касимов тергөө теракттын аткаруучуларынын бири деп эсептеп жатканын Шамсидин Фаридунга батирин ижарага берген деп жазышууда.

Касимов өзү болсо сотто андан батир алып жашап аткандар терроризм менен байланыштуу экенинен кабары болбогонун, жөн гана «Авитого» батир берилери тууралуу жарыя бергенин билдирди.

Касимов 32 жашта, үй-бүлөлүү, үч баласы бар. Мурда соттолгон эмес жана орус жарандыгы бар.

Сүрөт: Медиазона