Кыргызстанда Кадыр түн 6-апрелге караган түнү белгиленет

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Кадыр түн Рамазан айынын 27-түнүнө туура келерин билдиришти.

Буга чейин муфтияттын уламалар кеңеши телекөпүрө уюштурууну пландап жактаны айтылган. Ал эми мечиттерде имамдар Мухаммед пайгамбардын хадистерин окушат. Мусулмандар үчүн маанилүү болгон бүл түндү алар таң аткыча ибадат кылып, жараткандан кечирим тилеп, дуба кылып өткөрүшөт.

Орозо 11-мартта башталган. Ал эми Орозо айт майрамы 10-апрелде белгиленмекчи.

Быйыл битир-садаканын эң аз өлчөмү 50 сомду же 1,6 килограмм буудайды түздү. Мүмкүнчүлүккө жараша битирди 1,6 килограмм мейиз, ун жана 3,2 килограмм арпа, курма же алардын акчалай эквивалентин берсе болот.