Орусиядагы теракт: Дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык кыздарга ДНК экспертиза дайындалды

Москванын четиндеги теракттан кийин жоголгон 20 жана 24 жаштагы кыргызстандык кыздардын туугандары аларга генетикалык экспертиза дайындалганын «Азаттыка» билдирди.

«Аларды кафеден чыгарышкан экен. Бирок экөө "курткабыз менен телефонубуз калып кетти" деп кайра кириптир. Ошол бойдон жок. Жанындагылар ушинтип айтышты. Башында беш-алтоо болуп сыртка чыгышыптыр. ДНКсын полицияга бердик, жообун күтүп отурабыз», —деди кыздардын жакындары.

23-мартта укук коргоочу Азиза Абдирасулова Орусиядагы кол салуудан кийин 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызы менен 24 жаштагы Эдита Жусупова дайынсыз болуп жатканын билдирген. Кыргызстандын элчилиги алар изделип жатканын кабарлаган.

22-мартта Москванын жака белиндеги «Крокус Сити Холлдо» теракт болуп, кеминде 139 адам каза тапкан. Көп өтпөй терактка шектүү 11 адам кармалган. Алардын айрымдары, ЖМКнын маалыматына ылайык, тажикстандыктар жана кыргыз тектүү жаран болгон.