Садыр Жапаров футболду өнүктүрүү жөнүндө жарлыкка кол койду

25-мартта президент Садыр Жапаров 2024-2034 жылдарга футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду.

Анын максаты калктын ар кандай катмарын футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык түрдө тартуу үчүн шарттарды түзүү, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, жаштарды сергек жашоого умтулууга тарбиялоо экени айтылды.

Үстүбүздөгү жылдын февралынан бери Кыргыз футбол союзун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектейт.

Ага чейин Садыр Жапаров «бирикменин башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын» деп айтып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол союзун жетектөөнү сунуштаганын билдирген.