Талас: Үч-Коргон айыл аймагындагы 30 гектар токойду өрт каптады

25-мартта Манас районунун Үч-коргон айыл аймагындагы токойдо өрт чыкты. Анын жалпы аянты 25-30 гектарды түздү.

ӨКМден билдиришкендей, 25-мартта чыккан өрт, 26-мартка караган түнү 00:40та толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.